Ооганстанда аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салынганына карабай футбол боюнча кыз-келиндер курамасы Исламабадга барды

Ооганстанда "Талибан" кыймылы аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салынганына карабай, футбол боюнча кыз-келиндер курамасы Пакистандын борбору Исламабадга барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Азырынча Ооганстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы Пакистанга эмне себептен барганы белгисиз. Ушул жылдын аягында Австралиядагы мелдешке катышмак. Бирок "Талибан" кыймылы оогандык спортчу кыз-келиндер эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирген.

Буга чейин "Талибан" кыймылы ооган аялдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2021-09-15 19:46:34
Кыздар азап тартыш үчүн жаралган эмес. Дамбалчан фанаттар баштарына чалма оронуп алышып, динди тануулаганга укугу жок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан