Америкалык басылмалар UFC'нин эки салмак категориясындагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор эмне үчүн Нью-Йорктогу иш-чарада репер Колсон Бэйкер менен уруша кете жаздаганын аныкташты.
Маалыматка ылайык, Колсон Бэйкер мурда мамиледе болгон актриса Меган Фокско Конор Макгрегордун жеке билдирүү жөнөткөнүнө ачууланган. Конор Макгрегор бул конфликтке комментарий берип жатып "бул жигитти тааныбайм" деп белгилеген.
Эскерте кетсек, UFC'нин эки салмак категориясындагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор "MTV Video Music Awards" сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү америкалык репер Колсон Бэйкер менен мушташып кете жаздаган.