АКШнын мурдагы президенттери Жорж Буш, Билл Клинтон жана Барак Обама ооган качкындарына жардам көрсөтүү үчүн бир уюмга биригишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын 3 лидери жана алардын жубайлары ооган качкындарына жардам берүүнү максат кылган коммерциялык эмес уюмдарда жана "Америкага кош кел" аталышындагы бирикмеде иш алып барышат.
"Миңдеген Ооган жарандары коопсуз дүйнө үчүн болгон күрөштө биз менен бирге турушту. Эми алар биздин жардамга муктаж. Биз "Америкага кош кел" бирикмесин жана оогандыктарга жардам кылуу боюнча иштерди колдогонубузга сыймыктанабыз. Меймандостук жана жоомарттык биздин өлкөнү улуу кылып турган негизги нерселердин бири экендигин ооган бир туугандарыбызга жана бүткүл дүйнөгө көрсөтүүгө даярбыз", - деп айтылган Жорж Буш жана анын жубайынын билдирүүсүндө.
Ал эми 14-сентябрда ачылган "Америкага кош кел" сайтында "Ооганстанга жаңы коңшуларыбызды көчүрүүгө бардык өлкөнүн катышуусу талап кылынат. Ошондуктан экс-президенттер жана биринчи айымдар биздин катарга кошулду", - деп жазылган.
Ошондой эле аталган бирикме Америкадагы "Microsoft" баш болгон бир катар чоң компаниялардын жана 280ден ашык жеке демөөрчүнүн колдоосуна ээ экендиги айтылган.
Эске салсак, буга чейин Бириккен улуттар уюму дагы Ооганстанга 1 миллиард доллар өлчөмүндө акча каражатын бөлөрүн билдирген.