Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанда өткөн жыйынга катышты

Бүгүн, 15-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйшөмбү шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, коргоо министрлеринин кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга катышкандар эл аралык жана регионалдык кырдаалдын абалы жана өнүгүү перспективалары боюнча кылдат пикир алмашышты. Өзгөчө көңүл Ооганстандагы азыркы кырдаалга жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирине бурулган. Ошондой эле ЖККУ менен КМШ, ШКУ, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган.

"Министр Руслан Казакбаев өз сөзүндө коопсуздуктун жаңы пайда болгон чакырыктарына жана коркунучтарына жооп кайтаруу боюнча жамааттык жана консолидацияланган чараларды өз убагында иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө, ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча кызматташууну кеңейтүүгө жана уюмдун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн потенциалын жогорулатууга көңүл бурду. Министр мүчө мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу эффективдүү кызматташуу жана практикалык өз ара аракеттенүү аркылуу ишенимдүү система курулганда гана мүмкүн болорун баса белгиледи. ЖККУнун ТИМК, КМК, КККМ биргелешкен жыйынынын алкагында саясий жана аскердик тармактарда, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында жамааттык коопсуздук системасын андан ары өнүктүрүү боюнча 25 документке кол коюлду", - деп жазылат билдирүүдө.

Эртең, 16-сентябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы Дүйшөмбү шаарында уланат жана анын жыйынтыгы боюнча кийинки сессиялар аралык мезгилде уюмга төрагалык кылуу Тажикстандан Арменияга өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан