Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Эмилбек Абласанов дайындалды (өмүр баяны)

Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Эмилбек Абласанов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Эмилбек Абласанов 1971-жылы 24-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында туулган. Билими жогорку, курулуш тармагында эмгек тажрыйбасы чоң. Кара-Үңкүр көчмө механикалык колоннасында курулуш участкасынын мастери болуп иш тажрыйбасын баштап, Социалдык фонддун Ноокен райондук бөлүмүндө, Финансы министрлигинин алдындагы экономикалык өнүгүү мамлекеттик фондунда, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында, Социалдык фонддун Базар-Коргон райондук бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгынын курулуш департаментинде, президенттин иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасында, менчик курулуш компаниясында иштеген.

Акыркы учурларда президенттин иш башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүндө башчылык кызматын аркалаган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси.

Эмилбек Абласанов Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Шукурали Мадаминовдун өз каалоосу менен жумуштан кеткендигине байланыштуу жаңы жетекчи болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан