Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги 7-ноябрь -Басма сөз күнүнө карата шаардагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады. Аталган агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазов өз сөзүндө: “Сиздер коомдун күзгүсүсүздөр, сиздер аркылуу биздин иш коомчулукка жарыяланып келет”- деди. Соңунда журналисттерге агенттик тарабынан ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.