Дүйнөдө биринчи жолу компьютер оюндарына берилген адам дарылануу үчүн ооруканага жатты

Испанияда өспүрүм бала компьютер оюнуна көз каранды болуп, андан дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өспүрүм баланын апасы бир жыл мурун каза болгон. Мындан улам ал сыртка чыкпай, башка адамдар менен баарлашуудан качып, тамак-ашка жана жеке гигиенага көңүл бурбай, 24 саат бою компьютер оюндарын ойной берген.

Бейтап энесинен айрылгандыктан башынан оор кайгы өткөрүп, ага аутизм спектри диагнозу коюлган. Анын дарылануусу эки айдан ашык убакытка созулган. Натыйжада ал компьютер оюнун азыраак ойноп, дарыгерлер жеке жана коомдук көрсөткүчтөрдүн жакшырганын байкашкан.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму видео оюндарга көз карандылыкты 2018-жылы психикалык оорулардын тизмесине киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан