Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекетке 38 миллион сомдон ашуун зыян келтирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
"Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен алты социалдык объекти боюнча (мектеп, бала бакчалар) аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштарга 38 миллион 114 миң 608 сомду жеке жактарга мыйзамсыз которуп жиберишип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.
Тактап айтканда, Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна 10 миллион 695 миң 273 сом, Үч-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушуна 3 миллион 761 миң 660 сом, Үч-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушуна 8 миллион 678 миң 267 сом жана Сай айылындагы орто мектептин курулушуна 5 миллион 160 миң 94 сом, ошондой эле Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан орто мектептин капиталдык оңдоосуна 3 миллион 666 миң 267 сом жана Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 6 миллион 153 миң 47 сом акча каражаттары аткарылбаган иштер үчүн мыйзамсыз чыгышталган.
Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.