Трамп, Навальный, Маск... Америкалык "Time" журналы "2021-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдарды" аныктады

Америкалык "Time" журналынын "2021-жылдын эң таасирдүү 100 адамдардын" тизмесин жарыялады. Адаттагыдай эле ага кирген адамдар орундарга жайгашпастан, топторго бөлүнгөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, рейтингде бир нече категориялар бар. Алар: "Титандар", "ойлоп табуучулар", "инноваторлор", "искусство ишмерлери", "лидерлер" жана "кумирлер".

Бул жылы "лидерлердин" катарына Дүйнөлүк соода уюмунун башчысы Нгози Оконджо-Ивеала, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Италиянын жана Израилдин премьер-министрлери Марио Драги жана Нафтали Бенетт, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун башчысы Рошель Валенский, Сальвадордун президенти Найиб Букеле жана Ооганстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар кирген.

Экинчи жыл катары менен бул категориянын тизмесине Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Жо Байден, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, АКШнын вице-президенти Камала Харрис кирди.

"Кумирлердин" категориясында ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл, теннисчи Наоми Осака, ырчы Бритни Спирс жана Алексей Навальный дагы тизмеден орун алды.

"Ойлоп табуучулар" категориясына "SpaceX'тин" негиздөөчүсү Илон Маск, "Nvidia" компаниясынын башкы директору Жен-Хсун Хуанг, "General Motors" компаниясынын башкы директору Мэри Барра жана башкалар кирген.

"Титандар" деп "Apple" компаниясынын башкы директору Тим Кук, көркөм гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симон Байлз, эң атактуу америкалык спортчу Эллисон Феликск жана башкалар табылды.

"Искусство ишмерлери" арасында актёрлор Омар Си, Скарлетт Йоханссон, Кейт Уинслет, "Эң мыкты режиссёр" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын алган Хлое Чжао кирди.

Ырчы Билли Эйлиш, Жордж Флойддун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Бен Крамп, Эл аралык энергетикалык агенттиктин (ЭЭА) башчысы Фатих Бирол менен кениялык активист, Голдман сыйлыгынын лауреаты Филлис Омидо жана башкалар "Инноваторлор" категориясындагы тизмеге киришти.

Өткөн жылы АКШнын Улуттук аллергиялык жана жугуштуу оорулар институтунун директору Энтони Фауки жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус "эң таасирдүү 100 адамдын" тизмесине кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан