АКШнын президенти Жо Байден "AUKUS" альянсынын расмий түрдө жарыяланганына арналган иш-чарада Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисондун атын унутуп койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да катышкан.
Байден сөз сүйлөп жатып видео байланыш аркылуу Борис Жонсонго кайрылып, ыраазычылык билдирген. Андан соң Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисонго карап, ага да ыраазычылык билдиргиси келип турганын айткан. Бирок атын унутуп калгандыктан аны "премьер-министр мырза", "досум" жана "астымдагы жигит" деген сөздөр менен атаган.
"Бориске рахмат (ред.: Борис Жонсон). Анан дагы бул астымдагы жигитке ыраазычылык билдиргим келет. Чоң рахмат сага да досум. Мен муну баалайм, премьер-министр мырза", - деген ал.
Бул АКШ президентинин күлкүгө калган алгачкы учуру эмес. Буга чейин март айында дагы АКШ армиясынын катарында кызмат өтөгөн айым жоокерлерге арналган салтанатта сөз сүйлөп жатып, өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин ысымын унутуп калган.
Ошондой эле былтыркы жылдын декабрь айында АКШнын вице-президенти Камала Харристи байкабай өлкө лидери деп атап алган.