Атайын операциянын жүрүшүндө 6 килограмм 922 грамм гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын жараны, мурда өз өлкөсүндө жана Кыргыз Республикасында соттолгон 1970-жылы туулган Т.О. кармалган.
Кармалган жаранды текшерүү учурунда андан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат болгон. Табылган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 905 грамм болгон гашиш экендиги аныкталган. Ошол эле күнү ал саат 19:00 чамасында баңгизатты сатууну көздөп жаткан.
Ал эми саткан баңгизаты үчүн акча каражатын алган жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1995-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда шымынын оң чөнтөгүнөн көзөмөлдөнгөн затты сатып алуу үчүн берилген 8000 миң доллар табылып алынган. Анын жашаган жерине тинтүү жүргүзгөн учурда 5 даана таңгакталган зат табылган. Анын жалпы салмагы 6 килограмм 922 грамм болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.