Ош облусунуну Кара-Суу районунда 26 жаштагы баланы көптөп сабап салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБине Жоош айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 13-сентябрдан 14-сентябрга караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында анын 26 жаштагы уулун Кызыл-Кошчу айылында көчөдө балдар сабап салганын билдирип, аталган жарандарага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу баланы сабаган жарандардын аты-жөнү такталып, Жоош айыл аймагынын 26 жаштагы Т.у.Р. жана А.Б. аттуу тургундары экени аныкталган. Шектүүлөргө кабарлама берилип, 14-сентябрь күнү алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жогорудагы шектүүлөрдүн жанында дагы эки жаран бар болгону белгилүү болуп, алар 1996-жылы туулган О.М. жана 1995-жылы туулган С.у.Ч. экендиги аныкталган. Бүгүнкү күндө алардын кайда жүргөндүгү боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.