Бишкекте "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Алардын айтымында, жол кырсыгы бүгүн Абдрахманов менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда "Тез жардам" унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн.
Окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгынан жабыркагандар жок.