Кара-Сууда унаа уурдаганга шектүү изи сууй электе кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда унаа уурдаган шектүү изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 15-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында аталган айылдагы көчөдө токтоп турган Opel Astra үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран айдап качып кетип калганын билдирген.

"Бул факты Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталган. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө "автотранспорт каражаттарын айдап качуу" фактысына шектелип 38 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну А.А. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан