Бишкектин Ленин РИИБинин кызматкерлери жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
6-август күнү Бишкектин Айни көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Болжолдуу жашы 30-35 чамасында. Текшерүүдө денесинен күч колдонуу фактылары аныкталган эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр. Арык дене түзүлүштө, чачы кара.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, кара спорттук шым кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып, билген болсо төмөнкү телефон номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465 жана 102.