Түштүк Корея 2050-жылга чейин пластикалык таштандылардан 100 пайызга арыларын жарыялады

Түштүк Корея өлкөсү пластикалык таштандылардан 2030-жылга чейин 60 пайыз, ал эми 2050-жылга чейин 100 пайызга арылат. Бул тууралуу өлкө башчы Мун Чжэ Индин берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Пластикалык каражаттар табиятта 450 жылда жок болот. Микропластикалар жеке эле деңиз жашоосуна зыянын тийгизбестен, адамдын ден соолугуна дагы зыянын тийгизет. Түштүк Корея океандарды булгап жаткан пластикалык таштандылар боюнча маселени чечүү үчүн эл аралык кызматташтыкты түзөт", - деген Мун Чжэ Ин.

Ошондой эле ал өкмөттүн океандын булганышы менен күрөшүү боюнча чараларды жарыялап, анын ичинде таштандыларды чогултуу жана жок кылуу боюнча объекттерди орнотуу жөнүндө айткан.

Белгилей кетсек, эл аралык тазалык күнү Түштүк Кореяда 2001-жылдан бери сентябрь айында белгиленет. Анын максаты элди дүйнөлүк пляждарды тазалоого үндөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан