Ош шаарындагы базарда улгайган аялды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"14-сентябрь күнү Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө жайгашкан “Сузак” чайканасынын жанынан 1948-жылы туулган Т.Т аттуу жаранды белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Жабырлануучу денесинен жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына кайрылган. Бул кырсыкты көрүп калган жаран милицияга кабарлаган. Милициянын кайгуул кызматы 15-сентябрь күнү аталган унааны таап, айып короо жайына киргизген. Ал эми айдоочу Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну М.А. аттуу жаран болуп чыккан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.