Аз күндө ырчы Эрлан Андашевдин "Ашыгым" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган Саадат Жыргалбекова SUPER.KG порталына маек берип жатып, "Мен элдин сөздөрүн көтөрө албайт экем" дейт.
"Чынын айтканда, Эрлан Андашевдин ырларын ырдап жатып, аздыр-көптүр элге таанылдым. Буюрса, Эрлан байкеден суранып, жаңы ыр жаздырып жатам. Жакын арада күбө болуп каласыздар. Анан, албетте, элдин баарына жагуу мүмкүн эмес. Мага дагы ар кандай терс пикирлерди жазгандар бар. Көңүл бурбайын десем дагы кээде окуп алып жүрөгүм ооруйт. Кечээ эле менин мурдагы турмушумду билген, тааныган эле бирөө аябай жаман сөздөрдү жазып кетиптир. Окуп алып, ыйлагым келди. Эмне кереги бар бирөөгө жамандык каалап", - дейт Жыргалбекова.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.