6 жыл комада жатып, 2 жылдан бери жакшы боло албай жаткан Михаэль Шумахерди багууга канча каражат кетип жатканы айтылды

"Формула-1дин" жети жолку чемпиону Михаэль Шумахердин жубайы Коринна жолдошунун абалы тууралуу айтып, аны дарылатууга кеткен сумманы ачыктады. Бул тууралуу ал "Netflix" компаниясы тарткан документалдык тасмада билдирген.

Маалыматка ылайык, Корианна жолдошу дагы деле калыбына келе электигин айткан. Ошондой эле ал жолдошу экөө бир үйдө жашаганына карабай, анын мурдагы кезин сагынгандыгын билдирген.

Шумахердин жубайы аны дарылатууга жалпы 20 миллион фунт стерлинг (2 миллиард сомдон ашык) кеткенин айткан.

Легендарлуу автожарышчы Михаэль Шумахер 2013-жылы лыжа тээп жүрүп башынан жаракат алган. Ал ошондон кийин 6 жыл комада жатып, 2019-жылы эсине келген. Азыркы учурда ал толук кандуу өзүнө келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-09-17 10:17:44
Мындайда таштап кетип калчу эле европалыктар!
0
Datka7777
2021-09-17 16:17:28
KG-312,кайда таштайт? Шумахер легенда, бир канча кайрымдуулук фондтору бар. Таштап кетсе куру калбайбы баарынан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан