Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, көз жумгандардын бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө катталды.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн тарта жалпы 2 миң 583 адам каза болду. Анын ичинде лаборатордук тастыкталган 1 миң 74, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган 1 миң 509.