Кытайдын түштүк-батышында үлпөт тойдон бир саат өткөндөн кийин жигит ажырашуу арызын берген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түгөйлөр үйлөнүү тоюна чейин таарынышып кетишкен. Андан соң кыз көптөгөн сүйүү каттарын жазып, жигитти үйлөнүүгө көндүргөн, жигит баш тарта албай макулдугун берген.
Түгөйлөрдүн үйлөнүү тоюнан бир саат өткөндөн кийин жигит эмне кылып салганын түшүнүп, ажырашуу арызын берген. Ал эми кыз өз кезегинде андан 300 миң юань өлчөмүндө компенсация талап кылган.
Бирок жигит үйлөнгөнгө чейин кыз менен болгон мамилеси начар экендигин далилдей албай, анын ажырашуу арызы четке кагылган.