Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда андан бөлүп төлөө келишими менен эркек киши Mersedes-Benz GLS63 АМG, Mersedes-Benz S500, Chevrolet Camaro, Lexus RX 350, Тойота Камри жана Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирин алганын жазган. Бирок шектүү унааларды жана батирди сатып, андан ары из жашырган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "алдамчылык" фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызматкерлер шектүү катары 1996-жылы туулган Ю.Б. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.