17-сентябрдан 19-сентябрга чейин Орусияда мамлекеттик Думага жана губернаторлорду, аймак жана шаар депутаттарын үч күндүк шайлоо башталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө Ыраакы Чыгышта шайлоо тилкелери ачылган. Анда мамлекеттик Думанын VIII чакырылышынын депутаттары шайланат.
Ал эми добуш берүүнүн негизги күнү 19-сентябрда өтөт.