Нарын районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 330-чакырымында Honda Odyssey менен Volkswagen Passat унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине Нарын шаардык №16 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган.
"Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу унаага кыпчылып калган. Куткаруучулар айдоочуну чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.