Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Кызматкер С.Д. 2013-жылдын сентябрь айында жасалма паспорт даярдаган деп айыпталууда. Айта кетсек, айыпталуучу Жалал-Абаддын Сузак районундагы Паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн башкы адиси. Учурда Сузак райондук ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат.