Боливиянын Санта-Крус-де-ла-Сьерра шаарынын тургуну кафелердин биринен гамбургер сатып алып, ичинен адамдын манжасын тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, боливиялык аял "Даңазалуу гамбургер" аталышындагы тез татымга буйрутма берген. Алгач гамбургерди тиштеп көрүп, андан адамдын манжасын тапкан.
"Гамбургер бул мекемеде сатылгандыгы жана андан адамдын манжасы табылгандыгы аныкталды", - деп керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча вице-министр Хорхе Силва билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эки күн мурун 20 кафеге таркатылган фарш өндүрүүчү жерден бир кызматкер кырсыкка кабылып, эки манжасынан айрылган жана жеке ооруканага жаткырылган.
Ошондой эле ал кызматкердин гамбургер үчүн 45 килограммдан 80 килограммга чейин фарш даярдаганы маалым болгон. Мекеме жетекчилиги билдиргендей, окуя болгон күнү даярдалган фарштын партиясы кайра алынып, текшерүүлөр жүргүзүлөт.
Мындан тышкары адамдын манжасы табылган кафе жабылып, дагы 20 кафеде иликтөө иштери жүрүүдө.