Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум болду.
Соттук отурум судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу 24-сентябрга жылдырылды.
Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал андан соң Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген. SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Айыпталуучу Имаш Шамиев аттуу Нарын облусунун тургунунун уулу болгон. Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.