ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды Түрк жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жазган. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сот отурумуна видео байланыш аркылуу катышкан Инанды 2016-жылы орун алган мамлекеттик төңкөрүшкө эч кандай тиешеси жоктугун, ошондой эле Кыргыз жараны экенин белгилеп, Түрк жарандыгынан баш тартуу үчүн арыз жазгандыгын айткан.