Бишкекте телефон уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте телефон уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылып, 11-сентябрь күнү саат 16:30 чамасында Эркиндик бульвары менен Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилишинде ага белгисиз жарандар күч колдонуп, 8 миң сомдук телефонун алып кетишкенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында, 1988-жылы туулган К.К., 1996-жылы туулган К.Б., 1992-жылы туулган У.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, аларды 1 айга камакка алган.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан