WhatsApp мессенжеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенжери "Жакынкы ишканалар" деп аталган жаңы функцияны сынай баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, WhatsApp'тын башкы директору Уилл Кэткарт өзүнүн Твиттердеги баракчасына функция жөнүндө жазган.
Анын айтымында, жаңы продукт Android үчүн бета түрүндө жеткиликтүү жана колдонуучуларга жакын жерде кайсы дүкөндөр, ресторандар жана башка ишканалар жайгашканын билүүгө жардам берет.

Кэткарт белгилегендей, "бизнес каталог" купуялуу жана колдонуучулардын жайгашкан жерин же компаниянын маалыматын аңдыбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан