Ысык-Көл облусунда жаш балбан кыздын күрөшкөн видеосу мактоого алынууда. Анын видеосун Күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, жаш балбан кыз эркек балдар менен күрөшүп, кооз ыкмаларды жасап, атаандаштарын жеңген. Бул видеонун астына Айсулуу Тыныбекова быйтыкча аркылуу реакция калтырды.
Буга чейин дагы Талас облусунда жашаган Жасмин аттуу жаш балбан кыздын күрөшкөнү талкууга алынган. Өз кезегинде "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесиинин ээси Айсулуу Тыныбекова ага жолугарын билдирген.