Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Эрнис Батырканов Армения Кубогунда "Ван" футболдук клубу менен атаандаштарынын дарбазасына 2 гол киргизди.
Эрнис Батырканов бул оюнга негизги курамда чыгып, 2 гол киргизди. Оюн 2:2 эсебинде аяктап, пенальтилер сериясында "Ван" клубу 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Эрнис Батырканов "Ван" клубуна август айында кошулган.