"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудовго Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Бишкек шаарынан батир белекке берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.
"Акжол Махмудовго Токио шаарында кыргыздын желегин желбиреткени жана элди биримдикке чакырганы үчүн батир берилди. Исмаил Матраимов фондуна мамлекеттик деңгээлдеги ыраазычылык көрсөтүлүшү керек. Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду ар дайым спортчуларды колдоп келген. Бул спортчуларга болгон өтө чоң колдоо болду. Акжолдун Бишкектеги батири кут болсун. Ал мындай сыйлыктарды алганга татыктуу", - деди Атазов.
Акжол Махмудовго Райымбек Матраимовдун атынан Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир белек катары тапшырылган.
Буга чейин дагы Ош шаарынан Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир тапшырылган.