2-октябрдан 10-октябрга чейин Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан грек-рим күрөшү боюнча сегиз балбан катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча катыша турган балбандардын тизмеси: 1. Сардарбек Конушбаев - 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
3. Калы Сулайманов - 63 кг;
4. Марлен Асикеев - 67 кг;
5. Руслан Царёв - 72 кг;
6. Кайратбек Түгөлбаев - 77 кг;
7. Калидин Асыкеев - 82 кг;
8. Бексултан Махмудов - 97 кг;
9. Азат Эркимбаев - Башкы машыктыруучу;
10. Улукбек Карачолоков - Улук машыктыруучу;
11. Арсен Эралиев - Улук машыктыруучу.