"Талибан" кыймылы жана анын оппоненттери сүйлөшүүлөрдү Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү чечишти

"Талибан" кыймылынын жана аларга каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн жолугушуусу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, талибдер менен каршылык көрсөтүү күчтөрүнө Пакистан менен Тажикстан ортомчулук кылат. Бул эки өлкө чыр-чатактын катышуучуларына кандайдыр бир таасирин тийгизет. Себеби талибдердин Пакистан менен байланышы жакшы жана каршылык көрсөтүү фронтунда этникалык тажиктер маанилүү ролду ойношот.

"Талибан" кыймылы буга чейин Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялаган.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан