"Баш тарткандар катуу сабалат". "Талибан" кыймылы Кабулда жаштарды кыйнап мобилизация кылууда

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы жаштарды "Талибан" кыймылы мажбурлап мобилизация кылып жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, мобилизацияланган жаштар Каршылык көрсөтүү фронтуна каршы күрөшүү үчүн фронтко кетиши керек болот. "Талибан" кыймылы аларга кошулуудан жана согушка баруудан баш тарткандарды кыйноо жолу менен катуу сабап жатканы белгилүү болгон.

Буга чейин "Талибан" кыймылы менен Каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлдөрү Тажикстан менен Пакистандын ортомчусу астында Дүйшөмбү шаарында жолугушары белгилүү болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ayzhan12
2021-09-18 09:05:17
Орто кылымдын жапайчылыгы
-1
suban78
2021-09-18 09:40:23
Бийликке ушундайлар келип алса балээ дааа...
Радикалдык ислам дейт буну. Чыныгы, таза ислам жок буларда. Эми илим артта калат, онугуу жок болот. Жапайылар, буларда оз алдынча ой жугуртуу, уккан информацияны анализдоо деген таптакры жок, бир ичи бузук оз максатын коздоп суролорду бурмалап тушундуруп койсо ошого кор ишеним менен ишенип кете беришет бул акмактар.
0
al-abu-kinesz
2021-09-18 11:13:18
suban78, ошого айтылат да Афганистанда ислам бар бирок илим жок деп
-3
Gulina90
2021-09-18 11:00:30
Ит эле экен мыкаачылар.
0
modem4999
2021-09-18 15:22:37
Ошондо талибандар минус басып атабы
+1
Mister-XXX
2021-09-18 23:30:05
Эркексинби,Мекенге кызмат кыл.Биздин жаштарга да ушундай кылып армияга алып кетиш керек экен.

Бирок талибандардын мындай аракети туура эмес.Өтө строгий режим менен бара жатышат.Мындай нерсе ислам мамлекетинде эле эмес,Түндүк Кореяда да бар.Ал жакта аялдар да,эркектер да он жыл служба кылат.Эгер каршы чыкса түрмөгө тыгат же ит аткандай атып салат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан