Чүйдүн Кемин районунда жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Дэу-Матиз унаасы 1957-жылы туулган жаранды жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзүп, андан ары из жашырган.
Жабырлануучу жеңил жаракаттарды алган. Ошол замат Кемин райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуну кармашкан. Ал 1985-жылы туулган айдоочу болгон. Унаа айып короо жайына токтотулуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.