Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус илдетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгондор COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталган.
Стационарда 586 жана амбулатордук түрдө 900 адам дарыланып жатат.