
Бишкек шаарында Эркиндик бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинин жанында 21 жаштагы жаран поездге урунуп каза болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 18-сентябрь күнү саат 10:12 чамаларында болгон. Анда 2000-жылы туулган жаран жүк ташуучу поездге урунуп каза болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, темир жолдун үстүндө кетип бара жаткан жаран поезддин берген сигналына маани берген эмес, ал эми машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон.
"Кыргыз темир жолу" маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.