Нарын шаарынын кире беришиндеги эки илбирстин эстелигинин ордуна атайын арка тургузулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ачылыш бүгүн, 18-сентябрда болуп, арканын узундугу 10 метр.
Арка жеке ишкер Кылыч Исамамбетовдун каржылоосунда курулуп, бүгүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Арка өзүнө улуттук баалуулуктарды камтыйт. Кирип келе жаткандарды умай эне өз ырым-жырымдары менен тосуп алса, бабабыз ак батасы менен узатып жаткандыгы чагылдырылып, бир бетинде акын Эсенгул Ибраевдин калемине таандык Нарындын гимни түшүрүлгөн.
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Кылыч Исамамбетовго жана арканын курулуш иштерин аткарган топко Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин атынан ыраазычылык билдирип, атайын кат тапшырды.
Алдыда арканын айланасын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жумуштары жүрөт.