УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинде эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Лейлек РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 6-сентябрдан баштап эмгек өргүүдө жүргөн 1991-жылы туулган С.П. аттуу аскер кызматкери бул окуяга шектүү катары өтүүдө. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 17-сентябрь күнү аталган кызматкер эки досу менен үйлөнүү тойдон кайтып келе жатышып, ортодо чыр чыгып, мушташа кетишкен. Натыйжада бирөө каза болуп калган.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.