Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча өтүп жаткан экологиялык акцияга президенттин администрациясынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери катышты.
Ошондой эле ишембиликке борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев дагы катышты.
«Бүгүн эң сонун күн болууда. Министрлер кабинети сейил бактарды жана башка коомдук жайларды таштандылардан тазалоого багытталган акцияны колдоого алды жана экологиялык акция бүтүндой өлкө боюнча өтүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу тийиш. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт», – деди Улукбек Марипов.
Бүгүн ошондой эле ИИМ, ЖАМКнын кызматкерлери дагы ишембиликке чыгышкан.