УКМК тарабынан кармалган экс-депутат Руслан Чойбеков тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырылды

УКМК тарабынан кармалган экс-депутат Руслан Чойбеков тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутаттын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту караган. Анда сот тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу чечимин чыгарган.

УКМК 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталып, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген деген айыпты таккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан