"Кумтөр" иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы каралды

"Кумтөр" иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карады.

Анда сот тергөө иштери аяктаганга чейин Оторбаевди камакта калтырган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турган кезде өкмөттүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кумтөр" кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу менен "Кумтөр Голд Компанинин" («Центера Голд Инк.») чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген деп билдирген УКМК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-09-19 13:00:48
Текебаевдин кишиси. Байкуш Текенин айласы кетип турган маалы.
0
PFC-CSKA
2021-09-19 16:10:18
Ушул Валлет чырымды тим эле койгулачы бул жон эле пешка болчу тем более ошол убакта ал козур эмес болчу .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан