Ооганстанда талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратты

"Талибан" кыймылынын лидерлери Ооганстан үчүн убактылуу мыйзам чыгарды. Ага ылайык, мыйзамда мурда жазылган үч тилдин ордуна эки расмий тилди калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Негиздер" деп аталган мыйзамда расмий тилдер болуп пушту жана дари деп көрсөткөн. Буга чейин Ооганстанда алар менен бирге өзбек тили да расмий макамга ээ болгон. Аны түндүк провинциялардын көптөгөн тургундары колдонуп келишкен.

Документке ылайык, Ооганстанда ар бир провинциядан саясатчыларды, илимпоздорду жана дин таануучуларды камтыган Ислам укук таануучулар кеңеши жана Жогорку кеңеш түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
alimbek94
2021-09-19 12:20:32
Диний экстремизм барган сайын диний топтор аркылуу кеңири үгүттөлүп жатат. Гумандуулука каршы келген диний иштерге жол бербесин.
-5
Asmat84
2021-09-19 13:06:45
alimbek94, адам дин менен жашамайынча эки дүйнө бактылуулука жете албайт.
+4
alimbek94
2021-09-19 13:14:59
Asmat84,
Диний фанатизм менен адам бактылуу болбойт. Дин менен жашаган Афганистан, Пакистан эмне болуп жатат. Аялдары басмырланып жатат. Билим менен гана жашаш керек. Билим гана адам баласынын муктаждыктарын чечууго жардам берет.
+6
KG-312
2021-09-19 13:28:24
alimbek94, Билим менен гана жашаган европа акшыларың алкаш, наркоман, жарым жылаңач, гей, лесби болуп кетиштиго. Анысы аз келгенсип апасы баласына, атасы кызына үйлөнүп жатышат. Ушулбу динсиз билимиң???...
+3
alimbek94
2021-09-19 14:07:26
KG-312,
Карандай калпты айтпа. Европага эмне учун мусулмандар качып жатышат. Анткени Европа эли бай, онуккон, бактылуу элдер.
+5
Nina.alex
2021-09-19 14:56:31
KG-312,ошо арам деген америка европага кача беришет ко тынбай эле. Неге.?
0
daniel87
2021-09-19 15:33:10
KG-312,айткандарыныз карандай калпты , сиз озунузго суроо бериниз ??? Сириядагы граждандык жана суннилер менен шиялардын согушунан жабыркаган жонокой калкка ким эшигин ачып бейпил турмуш берди? Аравиябы? Сиз мактаган мусулмандар карап эле туруп бердиго! Европа эшигин ачтыго. Эмне учун мусулмандар эле эмес бийик держава орустар АКШ менен ЕВропага качып жатышат Эмнеге???????? Бизди эми айтпай эле коелук . эмне учун аларда жашоо жакшы , эмне учун баардык тармакта алдыда деп анализдеп и. Корунуз
0
Ela93
2021-09-19 22:22:06
daniel87,Ислам динин ар кайсы жака бурбай, акылын менен Кудай тааный билсек эч нерсе болбойт!! Ислам динсиз эч качан бактылуу болоалбайбыз!! Сирия, Пакистан, Ооганстан сыяктуу уруш,согуш кылбай эле динди таанысак жакшы болот!
+3
Kg2020
2021-09-19 15:10:00
alimbek94,дин менен жашашпайт алар,динди жакшы билишпейт,динде биринчи аят,окугун,изилдегин деп тушкон
+3
ninja8282
2021-09-19 18:35:57
alimbek94,динде аялды басмырлагыла деген
жери жок,кайра бейиш эненин таманында,
аял затын сыйлагыла деп эскерткен
пайгамбарыбыз Мухамад САВ.
+4
batleybesh
2021-09-19 19:07:38
alimbek94,дин менен жашаган Малайзия, Турция, Индонезия, ОАЭ булар кандай жашап жатат? Буларды да кошпойсунбу?
+4
Nursul
2021-09-20 18:51:07
alimbek94, башын жетпеген ишке мурдуңду тыккан неме экенсиң го,
0
daniel87
2021-09-19 15:34:42
alimbek94,+баскам эн туура жазып жатасыз , окмот каттуу чараларга барыш керек , бизге гулдоп оскон, бейпил ,асманы ачык олко керек .
0
ayzhan12
2021-09-19 14:19:16
Терең ой жүгүртө албаган Чала молдолордун өлкөсүнө айланып кетпейлик.
+3
safari_777
2021-09-19 20:57:09
Ислам дини эч качан жамандыка чакырбайт.
Динди туура эмес тушунгондор бар...
Эгер чындап ислам шариатынан чыкпаганда адамдар бейпил турмушта жашашмак.
+7
al-abu-kinesz
2021-09-19 22:55:45
Европадан мусулмандарды корбодум, бирок исламды кордум, Азиядан мусулмандарды кордум, бирок исламды корбодум деп кайсы бир белгилуу инсан айткан эле..
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан