"Орёл и решка" саякат берүүсүнүн Кыргыз жергесинде тартылган экинчи бөлүгү обого чыкты. Бул ирет саякатчылар берүүсүн Ысык-Көлгө арнашты.
Ал "Кыргызстан. Асман тиреген тоолор" деп аталат. Эки алып баруучунун саякаты Чолпон-Ата шаарынан башталып, Каракол шаарына чейин уланат. Алар кыска убакыттын ичинде Ысык-Көлдүн кооз жерлерин көрүүчүлөргө чагылдырып беришкен. Эскерте кетсек, берүүнүн биринчи бөлүгү өлкөнүн түштүк аймагында тартылган.