Чүйдөгү Узун-Кыр тоосунда 100 гектарга жакын жердин кургак чөбү күйүп жатат

Чүй облусундагы Узун-Кыр тоосунда 100 гектарга жакын жердин кургак чөбү күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Бөрүлүү айылынын Узун-Кыр тоосунда болжол менен 100 гектарга жакын жердин кургак чөбү күйгөн.

Жеринде Сокулук райондук ӨКБнын башчысы менен биргеликте райондук офицердик курам жана 19 куткаруучу өрт өчүрүү иш-чараларын улантууда.

Андан сырткары жергиликтүү тургундардан 15 жаран өрт өчүрүүгө жардам берип жатат.

Өрт кырсыгы толук көзөмөлгө алынган. Жайылуу жана башка чарбалык объекттерге өтүү коркунучу жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-09-19 16:41:57
Жаңы чоп чыгат да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан