Ысык-Көл ОИИБи жарандарга каржы пирамидасынын курмандыгы болбош үчүн кеңеш берет

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын курмандыгы болуп калбоого чакырат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда облуста бул боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

1. Алдамчылар киреше тапканга оңой эле кепилдик беришет.

2. Эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул каржы пирамидасы. Жашырынган каржылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок аларды эч ким колдонбойт.

3. Эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу болсо жана сиздин кирешеңиз ошол адамдар алып келген акчалардан түзүлсө, бул керемет уюмду каржы пирамида деп айтууга болот.

4. Эгерде жетекчилик тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, сизге каржылык отчёттуулукту бербесе, ага акчаңызды салардан мурда терең ойлонууңуз керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот.

5. Көбүнчө каржы пирамидалардын уюштуруучулары жаңы катышуучуларды каржылык көз карандысыздык жана эркиндик жөнүндө сүйлөшүп, ишенимдүү убадаларды беришет. Оратор катары башка адамдардын эмоцияларын башкара алган адамдар сүйлөшөт.

6. Жамааттык иш-чараларга, бардык байгелерди, жолдомолорду ойнотууларга чакырууларды кабыл албагыла. Каржылык пирамидалар муну ийгиликтүү жана кирешелүү компаниянын образын түзүү үчүн жасашат.

Эң негизги кеңеш: Каржылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөңөкөй нерсе – этият болуу керек: кепилденген жогорку кирешени убада кылууларга ишенбегиле, каражаттарыңарды күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле. Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле.

2020-2021-жылдардын аралыгында Балыкчы шаарында жана Каракол шаарында уюшулган 8 каржы пирамидасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам көптөгөн адамдар жабыр тарткан. Бул иш соттун кароосуна 50 миллион сомдон ашык зыян келтирилген 870ге жакын кылмыштар жана жоруктар боюнча иштер жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан