"Манас" аэропортуна кеткен жолдо түн ичинде жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрга караган түнү саат 02:30 чамасында Сокулук РИИБине билдирүү келип түшкөн. Анда унаа токтотуучу жайлардын биринде унаа күйүп жатканы айтылган. Жерине барган кызматкерлер Volkswagen Passat унаасы күйүп жатканын көрүшкөн.
Унаадагы өрт кыска туташуудан улам келип чыккан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүүдө унаанын айдоочусу суракка алынып, анда ал эч кимге доосу жок экенин айтып, өрт кыска туташуудан келип чыкканын билдирген.