Өзүн орган кызматкери, жактоочу деп тааныштырып жүргөн. Бишкекте 5 адам 21 миң долларга алдандык деп арыз жазды

Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп жарандарды алдап жүргөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурунда андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган тургуну Ж.К. кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү өзүн Башкы прокуратурада, укук коргоо кызматында иштеген адам катары, айрымдарга жактоочу катары тааныштырып, 5 адамдын жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп 21 миң 500 долларын алган.

Аталган фактылар "алдамчылык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же ал боюнча кандайдыр бир маалыматтарды билгендер төмөнкү номерлерге чалууну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0702-20-40-70, 0705-00-88-08", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-09-20 10:48:10
Бул оройу жаман оройун көрүп кантип бердиңер акчаны
+2
Medina87
2021-09-20 11:58:53
Kuban-1207,
Балким коздору аянычтуу чыгаар.Коздорун коруу керекпиз да.
А эмне учун Коздорун жаап коет , кайдан тааныйбыз???(((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан